Быйылкы ажылык учурунда Мекке шаарында 5 кыргызстандык каза болду

Быйылкы ажылык учурунда Меккеде 5 кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу муфтий милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиев “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, Каракол шаарынын 60 жаштагы тургуну Гүлай Сагынбаеваны машина сүзүп кеткен, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Кочкор айылынын тургуну 62 жаштагы Акимгазы Касмалиев боор оорусунан көз жумса, Сузак районунун 67 жаштагы тургуну Ыргак Тургунбай Табалдиев, Ош облусунун Ноокат районунун 69 жаштагы тургуну Зулпия Бактыгүл Кулматовалар инфаркт оорусунан улам каза болушкан. Ал эми Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну Ормош Иса Жолдошев карылыгынан улам көз жумган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД