Өлкөдө унду өндүрүү 30 пайызга төмөндөдү

Кыргызстанда унду өндүрүү 31,5 пайызга төмөндөдү. Жалпысынан өлкөдө бүгүнкү күнү 591,4 миң тонна ун өндүрүлгөн. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 271,8 миң тоннага аз. Мындай маалыматты КР өкмөтүнүн агроөндүрүш комплекси жана экология бөлүмүнүн өкүлдөрү билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, арпадан тартылган ун 229,9 миң тоннаны түзөт жана бул 2011-жылга салыштырмалуу 27,3 миң тоннага аз. Тамеки 7,5 миң тонна чогулган. Бул көлөм да былтыркы жылга салыштырмалуу 2,3 миң тоннага аз. Ал эми пахта 81,2 миң тонна чогулган. Ал да былтыркы жылга салыштырмалуу 10,2 миң тоннага аз.

Ошондой эле түшүмдү жыйноодо да көйгөйлөр келип чыкты. 30-октярбга алынган маалымат боюнча 470,7 миң гектар жерден кылкандуу дан эгиндери жыйналган. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 21,8 миң гектарга аз.

323,2 миң гектардан буудай жыйналса, бул былтыркы жылга караганда 47,3 миң гектарга аз. Ал эми 147,5 миң гектардан арпа жыйналган. Бул 2011-жылга салыштырмалуу 25,5 миң гектарга көп.

Быйыл ар бир гектардан 18,3 центнерден буудай жыйналган. Бул былкыркыга караганда 5 центнерге аз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД