3,7 миң башкы бухгалтер административдик жоопкерчиликке тартылды

Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 2012-жылдын тогуз айында 3,7 миң компания жетекчисин жана башкы бухгалтерлерди өз убагында казынага 15 млн сом салык жана төлөмдөрдү төкпөгөндүгү үчүн административдик жоопкерчиликке тартты. Мындай маалымат ведомствонун 2-ноябрда болгон коллегиясында белгилүү болду.

Бул жылы 2 230 жетекчи жана башкы бухгалтер 8,6 млн сом административдик айып пул төлөгөн.

Ал эми 1,5 миң салык төлөөчүнүн 321 млн сомдук мүлкү тизмеге алынган. Салык боюнча 398,5 млн сомдук карызды тез аранын ичинде төлөп берүүнү талап кылып 1,2 миң иш сотко өткөн. Бүгүнкү күнү соттор тарабынан 162 млн сомдук 845 иш каралган. Мүлктү алуу боюнча сотто кандай чечимдер кабыл алынары МСКнын коллегиясында так айтылган жок.

Эскертсек, 2012-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстандагы мекемелер салык боюнча 1 млрд 669,8 млн сом карыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД