Түндө Бишкектин 10-кичи районунда 3 соода павильону күйүп кетти

Түндө 10-кичи райондогу 3 соода павильону күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери билдирди.

Өрт тууралуу маалымат “101” пультуна түнкү саат 2лерде келип түшкөн. Кырсык болгон жерге бешинчи бөлүктүн өрт өчүрүүчүлөрү барышкан. Алдын ала маалымат боюнча өрттүн очогу азык-түлүк саткан дүкөндөн чыккан. Тилсиз жоо павильондун жанындагы соода жайларына да өтүүгө үлгүргөн. Өрттү өчүрүүгө эки саат убакыт кеткен. Өрттүн келип чыгуу себебин эксперттер аныкташат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД