Каныбек Сагынбаев бильярд боюнча өткөн Кремль кубогунда экинчи орунду алды

Кыргызстандык бильярдчы Каныбек Сагынбаев бириктирилген пирамида боюнча эларалык “Кремль кубогунда” экинчи орунду ээледи.

Пирамида боюнча Европалык комитеттин расмий сайтында маалымдалгандай, Сагынбаев финалга өтүү үчүн украиналык Дмитрий Белозеровду 5:3 эсебинде утуп, финалдык беттеште орусиялык Евгений Сталевго утулуп калган. Финалдык беттеште баардыгы болуп 8 оюн ойнолгон, анын 3 партиясын Сагынбаев утса, беш партиясын орусиялык бильярдчы уткан.

Ал эми дагы бир кыргызстандык Камилиддин Есиддинов чейрек финалга чейин келип, жарым финалда Белозеровго утулуп калган. Ошентип Есиддинов 5-8-орунду ээледи.

Турнирдин жобосуна ылайык, экинчи орунду алган оюнчу сыйлык катары 160 миң рубль алса, 5-8-орунду алган оюнчуга 70 миң рубль каралган.

Эске салсак, бул турнирге Кыргызстандын атынан 9 бильярдчы катышкан. 1/16 финалга Канат Сыдыков жана Улукман Карагулов чыгып 17-32-орундарды ээлешти. Бул орундарга 15 миң рубль сыйлык каралган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД