Бекжан Матысаев Кыргызстандагы юниорлор арасында тай боксу боюнча чемпион болду

Бишкектеги спорт клубдардын биринде юниорлор арасында тай бокс (муай-тай) боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү.

Кыргызстандын тай боксу боюнча федерациясынан билдиргендей, чемпионатты өткөрүү максаты – өсүп келе аткан муундарга тай боксун жайылтуу жана сергек жашоо образына үндөө.

Мелдешке Кыргызстандын бардык аймактарынан 60дай жаш спортчу катышкан. Болгону Баткенден гана катышкан эмес.

Мелдеш мауй-тай беттештерин өткөрүү боюнча эларалык жобого ылайык 14-15 жаш жана 16-17 жаш категориялары боюнча өттү.

“Юниорлор арасында оор салмактагы спортчулар өсүп келе атканын өзгөчө белгилегибиз келет. Анда 16-17 жаштагы спортчулар кармашты, алардын кээ бирлеринин салмагы 90 кг”, - деп билдирет федерациядан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД