Бишкекте 5 ветеринардык аптеканын ишмердиги токтотулду

Бишкекте Тамак-аш, ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы беш ветеринардык аптеканын ишмердиги токтотуп, 6 аптекадан тийиштүү сертификаты жок болгондуктан дары-дармектерди сатуудан алды.

Аталган мекеменин басмасөз кызматы билдиргендей, сапаты начар дары-дармектердин сатылуусуна жол бербөө максатында жүргүзүлгөн текшерүү иштеринде борбор калаадагы 22 ветаптека текшерилген.

Бишкек шаардык инспекциянын инспекторлору дары-дармектердин сакталуу шарттарын, мөөнөтү өтүп кеткен дарылардын сатылып кетпешине өзгөчө көңүл бурушту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД