“Түндүкэлектронун” абоненттери бир жылда электрди 6,8 пайызга көп колдонгон

“Түндүкэлектронун” абоненттеринин колдонгон электр энергиясы октябрда 391 млн 456 миң кВт саатты түзгөн.

Компаниянын басмасөз кызматы билдиргендей, өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу быйыл “Түндүкэлектронун” абоненттери электрэнергияны 6,8 пайызга көп колдонушкан.

Бишкектиктер өткөн айда 183 млн кВт сааттан ашык электр жарыгын колдонгон. Чүй облусунун абоненттери 178 млн 767 миң кВт саат, Талас облусунун тургундары 29 млн 678 миң кВт саат электр энергиясын колдонушкан. Шаардыктар октябрда жылуулук берүүгө кошулбагандыгын эске алганда, колдонулган киловатт-сааттын көлөмүнө таасир берген.

Ноябрда бишкектиктер үчүн ар суткага 10 млн кВт сааттан ашык электрэнергиясы каралган, Чүй облусу үчүн 9 млн кВтан ашык жана Талас облусу үчүн 1 млн 277 миң кВт саат электрэнергиясы каралган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД