Швейцария Кыргызстанда элчилигин ачат

Швейцария Кыргызстанда өз элчилигин ачат. Расмий түрдө ачуу салтанаты бүгүн 5-ноябрда болот. Бул тууралуу Швейцариянын Кантон кеңешинин президенти (Швейцария парламентинин жогорку палатасынын төрагасы) Ханс Альтерр КР биринчи вице-премьер министри Жоомарт Оторбаев менен болгон жолугушууда билдирди.

Альтерр Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигин ачуу вазийпасы ага туш келгенине абдан кубанычта экенин белгиледи. “Элчиликтин ачылуусу менен биз Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошууну каалайбыз, өзгөчө экономика тармагында”, - дейт ал.

Ал ошондой эле Кыргызстан демократияны Швейцариядан үйрөнгөнүн белгиледи. “Эгер аймакка карай турган болсок, Кыргызстан окуучу эмес, Борбор Азиянын окутуучусу болду. Швейцария менен салыштырганда сиздер окуучудан да өйдөсүздөр”, - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД