КТРКнын журналистин уурдап кетүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

КТРКнын журналисти Назира Айтбекова “Супер-Инфо” гезитинин журналисттери тарабынан уурдалган факты боюнча “Бейбашчылык” жана “Уурдоо” фактылары боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу тергөөчү Айтбек Аргынбаев “ВБ”га билдирди.

Эске салсак, 1-ноябрда “Аалам сырлары” долбоорунун автору Назира Айтбекова коомчулукка “Супер-Инфо” гезитинин кызматкерлери аны уурдап кеткендиги, өлтүрөбүз жана зордуктайбыз деп коркуткандыгы жөнүндө маалымдаган болчу. Ал эми гезит муну болгону “оюн” болгонун айткан.

31-октябрда гезит Максат Орузунбетов жана Бахиана Сатылганованы теле алпаруучуну өтө орой түрдө тамаалгандыгы үчүн жумуштан кетирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД