Теле алып баруучу Айтбекова психологдо дарыланууда

Коомдук биринчи каналдын алып баруучусу Назира Айтбекова “Супер-Инфо” гезитинин “тамашасынан” кийин психологдо дарыланууда. Бул тууралуу бүгүн анын күйөөсү Искендер Шаршеев “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, Айтбекова псилогиялык дарыланууну ишембиден баштаган. “Ал неврологдо дарыланууда. Андан сырткары анын грыжа, астма оорусу жана психологиялык абалы начарлап кетти”, - дейт ал.

Шаршеев ошондой эле, алар азыр жакшы невролог таба албай атканын, бирок психолог табышканын билдирди.

Айтбекованын күйөөсү эч кандай кечиримди кабыл албай тургандыктарын жана бардык иштер соттук негизде чечилерин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД