Садыркуловдун иши боюнча сот отуруму кайтадан кийинкиге калтырылды

Бүгүн, 5-ноябрда КР президент аппаратынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун, Стратегиялык изилдөөлөр эларалык институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулаймановдун өлүмү боюнча сот отуруму болушу керек эле, бирок айыпталуучу Марат Турдукуловдун (Мамлекеттик коргоо кызматынын жогорку кызмат адамдарын коргоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси) адвокаты Икрамидин Айткуловдун келбегенине байланыштуу кийинкиге калды.

Айткуловдун оорусуна байланыштуу сот отуруму 8-ноябрга калтырылды.

Буга чейин да сот отуруму адвокаттын келбегенинен улам кийинкиге калтырылган эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД