Бишкек-Торугарт жолундагы жол кырсыгынан эки жаран каза болду

4-ноябрда Бишкек-Торугарт автожолунун 42-чакырымында жол кырсыгы катталып, эки адам каза болгон жана бир адам жаракат алган. Бул тууралуу ӨКМнын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы саат 14:55тер чамасында болгон. “Даймлер-Бенц-411Д” (мам.№ S1742N) үлгүсүндөгү машина менен “Фольсваген-Пассат” үлгүсүндөгү (мам.№ I 7182 Z) унаасы кагышкан. Анын кесепетинен 1989-жылы туулган Т.Нусупов каза болгон. (“Фольсваген-Пассат” машинасынын айдоочусу) жана “Фольсваген-Пассат” машинасынын бир жүргүнчүсү каза болгон. Учурда анын өздүгү такталууда.

Ал эми жабырган Р.Канатов Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилген. Токмок шаарындагы Куткаруу кызматынын куткаруучулары кырсык болгон жерге барышып, каза болгондордун денелерин унаадан чыгарып, Ысык-Ата райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД