Бишкек мэриясы бардык турак жайга жылуулук берилгенин билдирди

Бүгүнкү күнү турай-жайды толугу менен жылуулук берүү борборуна кошуу аяктады. Болгону карызы барлар жана оңдоо иштери жүрүп аткан үйлөргө гана бериле элек. Бул тууралуу Бишкек шаар мэриясынын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бардык оорукана, бала бакча жана социалдык мекемелерге жылуулук берилди.

“Учурда шаардыктарды үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу үчүн бизде тийиштүү көлөмдө мазут жана көмүр бар. Учурда 60 казан мештин бардыгы кышка даяр”, - дейт шаар мэри Иса Өмүркулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД