Саламаттык сактоо министрлиги түштүк аймакта энелердин өлүмү өскөнүн айтты

2012-жылдын 9 айында Кыргызстанда 110 390 төрөт катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 4 190го көп. Бул тууралуу 1-ноябрда Жалал-Абатта өткөн “Жалал-Абат, Ош жана Ысык-Көл облустарында эне жана баланын ден соолугун сактоо кызматынын абалы жөнүндө” аттуу көчмө жыйында айтылган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басмасөз кызматынан билдиргендей, төрөттүн өсүшү Ысык-Көл, Талас облустарынан сырткары бардык аймактарда байкалган. Эң жогорку көрсөткүч Ош, Баткен жана Жалал-Абат облустарында.

2012-жылдын 9 айында 58 аял боюнда бар кезде жана төрөттөн кийин каза болгон. Энелердин өлүмү 100 миң жаңы төрөгөн аялга 52,7 туура келет. Өсүш 3,2 пайызды түзгөн.

Жалал-Абатта 2012-жылдын 9 айында 12 аял өлгөн жана алардын үчөө төрөт маалы абдан жакындап калганда Орусиядан келишкен.

Ош облусунда жана Ош шаарында жалпысынан боюнда бар, төрөттөн кийин 16 аял каза болгон. Эки аял боюндагы бала 37 жума болуп калганда оор абалда ооруканага келип түшкөн. Алар Москва шаарында иштеп жүрүшкөн.

Ысык-Көл облусунда 8 аял төрөт маалында жана төрөттөн кийин өлгөн. Энелердин өлүмүнүн себеби, экстрагениталдык оорулар – 50 пайыз жана кансыроо – 25,0 пайызды түзгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД