“Кара-Суу” базарындагы туалетти төрт жыл мурда эле жабыш керек болчу

Асты түшүп кеткен “Кара-Суу” базарындагы туалетти 2008-жылы эле жабыш керек болчу. Бул тууралуу Ош облусундагы Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, Кара-Суу райондук архитектура башкармалыгы 2008-жылы эле коомдук туалеттин ээсине аны жабуу тууралуу буйруган. Бирок райондук соттун токтомуна ылайык жеке ишкер өз ишмердигин жүргүзгөн.

“Прокуратура кылмыш ишин козгоду. Туалеттин ээси бардык мыйзам чегинде жооп берет”, - дейт Матраимов.

Кара-Суу районундагы базардагы туалеттин асты түшүп кетип, анда 4 адам каза болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД