"Кара-Суу" базарындагы кырсыктан каза болгондордун үй-бүлөсүнө жардам берилет

Ош облусундагы Кара-Суу районунун башчысы Тилек Матраимов базардагы туалет кулап каза болгондордун үй-бүлөсүнө тийиштүү жардамды көргөзөт. Бул тууралуу район акими “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, 3-ноябрда кырсык болгондон кийин ал жерге Ош облусунун губернатору, райондук администрация жетекчилери жана күч түзүмдөрүнөн келишкен.

“Бул күнү биз бир сутка бою иштедик. 6-ноябрда облустук координациялык кеңеш болот. Ал жерде каза болгондордун үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү маселеси чечилет”, - дейт Матраимов. Бирок ал канча суммадагы жардам көрсөтүлөрүн тактаган жок.

Ал ошондой эле Кара-Суу районуна вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев келгенин кошумчалады. Ал да өкмөттүн атынан каза болгондордун үй-бүлөсүнө жардам берилерин айткан.

“3-ноябрда ооруканага 12 киши жеткирилген, алардын алтысы ооруканадан чыккан, экөө реанимацияда жаткан. Алар азыр жалпы палатага чыгарылды. Тилекке каршы 4 адамды урандынын астынан убагында алып чыгуу мүмкүн болгон жок. Алардын сөөгү шаардык өлүк сактоо жайына жеткирилди”, - деди Матраимов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД