Кытай Токмок шаарында нефтини кайра иштетүүчү завод куруп баштады

“СУАР КЭР кытайлык нефтехимиялык корпорациясы” Токмок шаарында жаңы нефтини кайра иштетүүчү заводду куруп баштады. Бүгүн курулуштун ачылышы КР вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев жана энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Сапарбек Асановдун катышуусунда болот.

Сапарбек Асанов 2011-жылы кытай инвесторлору нефтини кайра иштетүүчү заводду курууга уруксат алганын жана ага 50-60 млн доллар салууну пландап атканын “ВБ”га билдирди. Курулушту аяктоо бир жыл деп болжолдонууда. Мекемени куруу кышында да улантылаару пландалууда.

Мекемеде болжол менен 300 жумушчу орун түзүлөт. Алардын 10 пайызы кытай жарандары болот. Калган жумушчу ордуларын инвесторлор токмоктуктарга беришет. Завод машинага куюучу бензин, жеңил дизелдик май, отко жага турган май, суюк газ сыяктуу жана башка продукцияларды чыгарат.

Асановдун айтымында Кытай Казакстанда болжол менен 45 пайыз нефтини чыгарат. Казакстан өкмөтү менен болгон келишимде алар нефтепродуктуларды өз заводдорунда кайра иштете алат. Кара-Балта жана Токмок шаарында курулуп аткан нефтини кайта иштетүүчү заводдордо Казакстанда чыгарылган нефти колдонулат.

Учурда нефтини темир жол менен алып келүү каралууда. Келечекте нефтикуурларын салуу пландалууда.

Жаңы мекеме бир жылда 500 миң тонна продукция иштеткенге күчү жетет.

Сапарбек Асанов бул заводдор иштеп баштаганда рынокто атаандаштык пайда болуп, балким күйүүчү майдын баасы төмөндөшү мүмкүн деп кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД