Бишкекте окуучу кызды машина сүзүп кетти

Борбор калаада 7-класста окуган окуучу кызды машина сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басмасөз кызматы билдирди.

Кечээ, 5-ноябрда саат 12.20лар чамасында “Ауди-100” үлгүсүндөгү машина Дэн Сяопин преспектиси менен кетип баратып Мессорош көчөсүнүн кесилишинен жөө адамды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен 7-класста окуган кыз ооруканага “баш мээси чайкалган” деген диагноз менен жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД