Кыргызстанда ИДП 4,6 пайызга төмөндөдү

2012-жылдын 9 айында ички дүн продукциянын төмөндөшү 4,6 пайызды түздү. 2012-жылы ИДПнын чыныгы өсүшү 6 пайыздан жогору болот деп болжонгон. Бул тууралуу социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгы боюнча коллегияда коом менен байланыш сектору билдирди.

Экономиканын төмөндөшүнүн эң негизги себеби Кумтөр алтын кениндеги өндүрүш 70 пайызга азайганы менен байланыштуу. Жаратылыш-климаттык шарттан улам агрардык тармакта да өсүү азайганы айтылат.

Экономикалык темптин жайлашына таасир берген экономика секторунун тармактары мындай болду: кызмат көрсөтүү тармагы болгону 2,2 пайыз өсүш көрсөттү. Айыл чарбасындагы рецессия 0,4 пайызды, курулушта болсо – 0,6 пайызды түздү. ИДПнын өндүрүш үлүшү да 7,3 пайызга төмөндөгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД