Кыргызстандык шахматчылар дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн бүгүн учушат

19-ноябрь күндөрү Словенияда өтө турчу дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн Кыргызстандык шахматчылар бүгүн учушат. Бул тууралуу Кыргызстан шахмат федерациясынын президенти Азис Умарбеков “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, чемпионатка катышуу үчүн 7 өспүрүм улан-кыздар билдирме кат берген. Алардын арасында, Шахнази Мусаева, Бакай Эсенбек уулу, Тагир Таалайбеков, Актилек Сейитбаев, Чингиз Исаев жана башкалар бар. “Аларды 5 киши коштоп барат анын ичинде ата-энелер да бар”, - дейт ал.

Умарбеков белгилегендей жаш шахматисттердин бардык чыгымдарын ата-энелери төлөшөт. “Сапар кымбат, андыктан бардык 7 оюнчу тең барабы же жокпу так эмес”, - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД