Депутаттар парламенттин 14-комитетин бекитти

Жогорку Кеңештин регламент жана депутаттардын этикасы боюнча комитети 14-парламент комитетин – коррупцияга каршы күрөшүү комитетти бекитти. Аталган комитетти “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Анарбек Калматов жетектейт. Мындай чечим комитеттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Эскертсек, бекитилген парламенттин курамы боюнча мурдагыдай 13 комитет болушу керек болчу.

Ошондой эле “Республика” фракциясынын депутаты Элмурат Обдунов бюджет жана финансы комитетине кирүүнү каалагандыгын билдирди. “Анда аталган комитетте “Республиканын” 5 мүчөсү болот, бирок эреже боюнча 4 гана болушу керек”, - деп комитет жетекчиси белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД