Жогорку сот Ташиевди тергөө абагында калтырды

КР Жогорку соту Ташиевди МУККнын тергөө абагында камакта калтыруу боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Айнура Токтошева “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, бүгүн 6-ноябрда Жогорку соттун кылмыш жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы депутаттын адвокатынын арызын караган. Эскертсек, 7-октябрда шаардык сотто депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттарынын арыздары каралган.

Ташиев бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган деп айыпталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД