Экономика министрлиги: Орточо маяна тирлик минимумунан 2,5 эсе ашат

Орточо маяна тирлик минимумунан 2,5 эсе ашат. Бул тууралуу социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгы боюнча коллегия жыйынында экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов билдирди.

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, тирлик минимуму 4 322 сомду түздү. Ал эми орточо айлык маяна 10 524 сомду түздү. “Маяна билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасындагы жогорулоодон улам 24 пайызга көбөйдү, ошондой эле экономиканын башка тармактарында да”, - дейт министрдин орун басары.

Ал ошондой эле май айында жогорулаган пенсиядан кийин анын көлөмү 4 070 сомду түзгөндүгүн кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД