Экономика министрлиги “Ала-Тоо Финанстын” кредиттеринин натыйжасыздыгын моюндады

Экономика министрлиги “Ала-Тоо Финанс” микрокредиттик агенттигинин кредиттеринин натыйжасыздыгын моюнга алды. Социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгы боюнча коллегия жыйынында экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов “жеңилдетилген кредиттерди берүүдөгү жыйынтыктар дээрлик жок экенин” билдирди.

2012-жылдын 9 айында “Фермерлерге жеткиликтүү кредит” программасы боюнча “Ала-Тоо Финанс” аркылуу 13,5 адам жалпысынан 525 млн сомдук жеңилдетилген кредит алган.

Муканбектов ошондой эле өткөн жылы фермерлерге 650 млн сом бөлүнгөн болсо, быйыл 7 пайыз менен 700 млн сом бөлүнгөнүн айтты. Ал ошондой эле фермерлерге матрезервден күйүүчү май берилерин айтып, лизингге айыл-чарба техникалары да бериле турганын кошумчалады.

“Бул жылы тогуз айда айыл-чарбасынын өсүшү 2 пайызды көргөздү. Өткөн жылы ал 2,5 пайыз болчу. Ал эми каатчылык болуп турган 2009-жылы бул көрсөткүч 7 пайызды түзгөн”, - дейт министрдин орун басары.

Ал ошондой эле 1996-жылдан бери аграсектордун курамында ИДП 46 пайыздан 18 пайызга кыскарганын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД