Темир Сариев: Көпчүлүгү экономика министрлигинин миссиясын туура эмес түшүнөт

“Көпчүлүгү биздин министрликтин миссиясын туура эмес түшүнүшүүдө. Анын ичинен парламент дагы”, - деп Социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгы боюнча коллегия жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди.

Сариевдин айтымында, көпчүлүгү министрлик “бардыгы менен иштеш керек” деп ойлошот.

“Айтып коюу керек, экономика министрлиги бизнес үчүн жакшы аймакты түзүү жана инвестициялык кызыгууну арттыруу боюнча саясатты иштеп чыгуу менен алектенет”, - дейт ал.

Ал өз мекемесинин жетишкендиги катары мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамды, тоо кен тармагын калыптандыруу боюнча 113 түрдүү лицензия жана уруксат берүүнү кыскартуу жөнүндөгү мыйзамдардын кабыл алынганын айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД