Саламаттык сактоо министрлиги гепатит А менен ооругандар кескин өскөнүн билдирди

2012-жылдын 9 айында республика боюнча гепатит менен ооруган 8 874 учур катталган. 2011-жылы бул – 5 774 болчу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Ооругандардын көпчүлүгү – 93,3 пайыза гепатит А менен ооругандар.

Маалыматка ылайык, гепатит А менен Ош шаарында, Ош облусунда, Баткен, Чүй облустарында башка аймактарга караганда көп байкалган. Илдетке чалдыккандардын көбү 14 жашка чейинки балдар. Гепатит А менен оору сезондук мүнөздө болуп, сентябрдан январь айлары ортосунда көп катталат.

Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын маалыматына ылайык, 2012-жылдын 1-августунан 31-октябрына чейин 3 миң 58 киши гепатит А дарты менен кайрылган. Анын 1 238и ооруканага жаткырылса, алардын 759у балдар болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД