Атамекенчи эки депутат шайлоого катышуу үчүн депутаттык ишмердигин токтотту

“Ата Мекен” фракциясынын эки депутаты Наталья Никитенко менен Жоомарт Сапарбаев Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоого катышуу үчүн өз ыктыярлары менен парламенттеги ишмердигин токтотту. Бул тууралуу Никитенке “ВБ”га берген маегинде билдирди.

Никитенконун айтымында, Конституцияда шайлоо маалында депутаттык милдетин токтотуу прецедуралары так жазылган эмес. Ал парламент юристтери эл өкүлдөрү үчүн ишмердигин токтотуу милдеттүү эмес дегенин билдирди.

Эске салсак, 25-ноябрда 25 шаарда жана 416 айыл аймагында шайлоо өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД