Өмүрбек Текебаев: Абдулла Юсуповду көпчүлүк депутаттар жакшы билет

“Абдулла Юсуповду КСДП фракциясынан төрага орун басар болгон Төрөбай Зулпукаров жакшы билет”, -деп “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында анын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Анын айтымында Юсуповду көпчүлүк депутаттар жакшы билет, ошондой эле вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев да жакшы билет. Текебаев Юсуповду мурдагы “Ак-Жол” партиясынын пайдасына чагымчылдык кылган деп айтты.

“Сарпашев Юсупов убагында көрсөтмө бергенин айткан. Ал профессиналдуу алдамчы, бирок аны “Республика” фракциясынын депутаттары колдошот. Алар аны саясый эзилген киши кылып көрсөтүүдө, ал эми Алтынбек Сулайманов болсо аны бошотуш керек деп атат”, - дейт Текебаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД