“Ата Мекен” Бабановдун күлүгү боюнча иштин аягына чыгуусун талап кылат

“Ата Мекен” фракциясы экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун күлүгү боюнча ишти аягына чыгарууну Башкы прокуратудан талап кылат. Бул тууралуу депутат Эркинбек Алымбеков Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнө кайрылып атып билдирди.

Анын айтымында, буга чейин фракция Бабанов түрк ишкеринен баасы 1 млн доллар болгон күлүктү белекке алгандыгы жөнүндө бардык материалдарды ишенимдүү органдарга берген.

“Биз прокуратурадан адилеттүү тергөөнү сурандык, бирок азыркыга чейин жылкы анын өз акчасына сатылып алынган деген гана жооп угуудабыз . Мурдагы премьер-министр күлүктү сатып алуу боюнча жалган келишимди түзүүгө да барды”, - дейт Алымбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД