Оштун мэри журналисттер үчүн үй жана парк курууга сөз берди

Бүгүн Ош мэриясында маалымат жана басмасөз күнүнө карата салтанаттык иш чара болду. Ага Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов катышты.

Иш-чара учурунда журналисттер мэрге турак-жай алууда жардам берүүсүн айтты. Мырзакматов өз кезегинде ЖМКнын өкүлдөрү үчүн 40 кишиге ылайыкташкан үйдүн курулушу үчүн жер бөлүп берүүгө сөз берди. Бул үй мэрия менен салымчылардын орток үлүшү аркылуу салынат.

“Куттуктоо учурунда мэр шаардын кийинки күнүнө карата журналисттер паркы ачыла турганын жана ал жерде пресс-клуб менен гезит базары болоруна сөз берди”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле шаар башчысы кийинки жылы мамлекеттик бюджеттен курулуш үчүн 10 млн сом бөлдүрүүгө да сөз берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД