Болот Шер: Үч зектин көрсөтмөсү менен кылмыш ишин козгоо болбойт

Тергөө абагына камакка алынган үч кишинин көрсөтмөсү менен жаңы кылмыш ишин козгоо мыйзамсыз. Мындай пикирин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Болот Шер билдирди. Болот Шердин аты тергөө абагында отурган Абдулла Юсупов, Дастан Оморов жана Азамат Шергазиевдин көрсөтмөлөрүндө аталат.

2010-жылдагы тоноочулук фактыларын иликтөө боюнча комиссия жетекчиси Курманбек Осмоновдун айтымында, кылмыш ишинин ачылгандыгы боюнча маселенин мыйзамдуулугун парламенттин кароосуна коюш керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД