Ош базарынын аймагындагы жол машиналар үчүн 8-ноябрда ачылат

Оңдолгон Ош базарынын айланасындагы жол 8-ноябрда ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басмасөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, жолдор кеңейтилип, тратуарлар оңдолуп, базардын аймагын жашылдандыруу жана мыйзамсыз коюлган павильондор алынган.

Ошондой эле шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн маршруттук таксилердин багыты да алмашат. Автобуз жана троллейбустардын багыты мурдагы боюнча эле калат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД