Кыргызстанда Индонезиянын элчилигин ачуу пландалууда

Индонезия Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга даяр жана Бишкекте элчилик ачууга ниети бар. Бул тууралуу Индонезия Республикасынын палатасы өкүлдөрүнүн вице-спикери Мухаммад Анис Матта Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков менен болгон жолугуу учурунда билдирди.

Матта учурда Кыргызстанда ардактуу консул институтун каттоо аяктап калганын белгиледи.

Жолугушуу учурунда Матта Кыргызстан азыр парламенттик демократиянын өнүгүү этабын жашап атканын билдирди. Муну Индонезия 14 жыл мурда өткөн. “Биз Кыргызстанда демократия прецесси ийгиликтүү болот деп ишенебиз жана өлкөнү өнүгүүгө алып келет”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД