Депутаттар баатыр-эне статусун алуу жолдорун жөнөкөйлөтөт

Депутаттар Дастан Бекешев, Асия Сасыкбаева, Ширин Айтматова жана Курманбек Осмонов “Баатыр эне” орденинин статусу жөнүндөгү” мыйзамга түзөтүү киргизүү менен баатыр эне статусун алуу жолдорун жөнөкөйлөтүүнү сунушташты.

Бүгүн адам укугу, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында депутаттар “Баатыр эне” орденинин статусу жөнүндөгү” мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча долбоорду жактырышты.

Түзөтүү киргизилген долбоорго ылайык, жети же андан көп баласы бар энелер аталган орденге көргөзүлүүдө чектелбейт.

Андан сырткары, сунушталган долбоорго ылайык, көпчүлүк органдар баатыр-эне статусун бере алышат. Ошондой эле, “Баатыр эне” орденинин статусу жөнүндөгү” мыйзам орденге көргөзүлүүдө бир баласы соттолгон болсо да чектөө киргизбейт.

Демилгечилер белгилегендей “Баатыр эне” орденине көргөзүүдө облус администрациясы же Бишкек жана Ош мэриялары менен макулдашуу процессин да жокко чыгарат.

Депутат Дастан Бекешев баатыр-энелерди жыл сайын май айынын экинчи жекшембиси сайын белгилене турган Энелер күнүндө сыйлоону сунуштады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД