Депутат: Ташиевдин психикалык саламаттыгы боюнча экспертиза – мазактоо

“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди Башкыпрокурор Аида Салянова психологиялык абалы боюнча экспертизадан өтүүгө мажбур кылган”, - деп “Ата-Журт” фракциясынын жыйынында депутат Жылдызкан Жолдошова билдирди.

Анын айтымында, депутаттын психикалык абалын экспертизадан мажбурлап өткөрүү – бул башкыпрокурор тарабынан болгон мазактоо жана шылдыңдоо. “Бул элди капа кылып, нааразычылык башталды”, - дейт депутат.

Ал ошондой эле башкыпрокурор өз аркети менен “Алмазбек Атамбаевдин аброюна көлөккө түшүрүп атат”, - деди. “Ташиев – азыркы президенттин негизги атаандашы. Президент болсо эч нерсе болбогондой мамиле кылып атат”, - деп кошумчалады Жолдошова.

Эскертсек, 3-октябрда “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев “Ала-Тоо” аянтында митинг өткөрүп, ал башаламандыкка айланып кеткен. Кийин алар МУККга сурак берүү үчүн алынып келинген. Окуядан кийин аларды бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп МУККнын тергөө абагына 48 саатка камакка алынган.

Камчыбек Ташиевге “Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык таштаган” деген берене боюнча айып тагылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД