Премьер-министр парламенттеги “өкмөттүк күнгө” келген жок

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев парламенттеги “өкмөттүк күнгө” келген жок. Депутаттар ага ачууланып, өкмөттүн отчетторун кароону кийинкиге калтыруу керектигин айтышты.

Белгилей кетсек, депутаттар Жогорку Кеңештин пленардык жыйыны учурунда жумалык “өкмөттүк саатты” киргизген. Ал жерде депутаттар өкмөт мүчөлөрүнүн отчетторун угушат.

Төрага Асылбек Жээнбеков премьер-министр “кечиримдүү себептен улам” келбегинен билдирди. Бирок Жээнбековдун айткандары депутаттарды канааттандырган жок.

КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков нааразычылыгын айтты. “Бул эмне деген премьер? Анын эмне деген кечиримдүү себеби бар экен?”, - деп суроо салды. Исаков Сатыбалдиев өкмөттүн катардагы мүчөлөрү жооп бере албаган суроолорго жооп берерин белгиледи.

Курманбек Осмонов да Конституцияга ылайык министрлер кабинетинин башчысы жок болгондуктан “өкмөттүк күндү” жокко чыгарып, аны кийинкиге калтыруу керектигин билдирди.

Жээнбеков болсо, премьер күн мурунтан кат түрүндө кайрылып, анын ушул убакта республиканын түштүгүнө иш-сапары пландалган деп жооп берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД