Өмүрбек Абдрахманов парламентке Оторбаевдин келишин талап кылды

Депутат Өмүрбек Абдрахманов парламенттеги өкмөттүк саатка биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин келишин талап кылды.

Абдрахмановдун айтымында, Оторбаев эки жылдан бери өкмөттүн мүчөсү жана реформа жүргүзүүдө катышкан. “Бизге Сарпашевдин эмне кереги бар? Жаңы эле кызматка дайындалып, Токтогулда эки той берүүгө жана Баткенге бир иш-сапары менен барган адам эмнени айта алат. Эң жакшысы Оторбаев келсин”, - деди Абдрахманов.

Кее бир депутаттар премьер-министрдин өзүн келишин талап кылышты.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова өкмөттөн болгону 4 министр келгенине жини келди. Ал кышка болгон даярдык тууралуу премьер-министр өзү маалымат бериши керектигин белгиледи.

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина кышка болгон даярдыктар боюнча талкууга убакыт аз экенин айтты. “Бул жакка алыстан губернаторлор келди. Премьер-министр жок болсо да өкмөттүк саатты өткөрүүнү сунуш кылам”, - деди ал.

“Республика” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов төрага Асылбек Жээнбековду сынга алды. “Сиз өкмөттүн мүчөсүсүзбү же биздин төрагабы? Бүгүн сиз өкмөттү эле коргоп атасыз. Үч күн мурда өкмөт башчысы жыйынга катыша албай тургандыгын айтып кат жолдогонун айттыңыз. Ал эмне деген кат?”, - деп суроо салды ал.

Жээнбеков өкмөттү коргобогондугун айтты. “Эгер мен төрагалыктан кетсем да, депутат болуп калам. Ооба, чындыгында ал үч күн мурда жыйынга катыша албай тургандыгы жөнүндө кат жиберген. Бирок мен анын парламентке келиши керектигин сурандым”, - деп жооп берди Жээнбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД