Өмүрбек Текебаев: Менин хан сарайларым жана кымбат машиналарым жок

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев убактылуу эки депутаттык комиссиянын ишмердигин “ВБ”га билдирди. Биринчиси Текебаевдин Конституцияны өзү өзгөртүп койду дегенди териштирет, экинчиси “Ата Мекен” партиясынын жетекчилик курамынын 2010-жылдагы апрель окуяларындагы тоноого катыштыгы бардыгын териштирет. Текебаев бул саясый күрөш экенин белгиледи.

“Биздин демилгебиз менен көпчүлүк коалиция эки жолу ыдырады. Биз кезек менен коалициялык альянстан алгач “Ата-Журтту” кийин “Республиканы” чыгардык. Бул фракция өкүлдөрүнүн реванш алуу ниети бар. Качан партиянын идеологиялык артыкчылыгы жок болгондо, алар өздөрүнүн окуялары, моралдык-саясый өзгөчөлүгү менен көп учурда калп жана кир методдор менен чагымчылдыкка барат. Учурда Башкы прокуратура экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов учурунда Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчисин НТСтин журналисттерин камактагы Абдулла Юсуповго киргиз деп басым жасаганын тактады. “НТС” телеканалы Бабановго таандык экени дээрлик бардыгына белгилүү”, - дейт Текебаев.

Ал ошондой эле аны тоноочулукка катышкан деген маалымат абсурд экенин белгиледи. “Буга керек болсо менин душмандарым да ишенген жок. Өзүмдүн мүлкүм тууралуу да айта алам. Мен келинчегим менен бир жылда 3 млн сом табабыз. Кирешебизди декларацияда так көргөзөбүз. Ал эми Өмүрбек Бабанов болсо өз декларациясында биз көргөзгөн суммадан аз көргөзүүдө. Биздин үй-бүлөнүн чыгымы кирешеден ашпайт. Азыркыга чейин үч бөлмөлүү кызматтык үйдө жашайм. Аны жакында эле мыйзамдуу түрдө менчиктештирип алдым. Бул үйдө биз төрт балабыз менен жашайбыз: эки кызым жана эки уулум. Улуу кызым мектепти аяктап атат. Бардык кыргыздарда кабыл алынгандай биз менен туугандарыбыздын студент балдары да жашайт”, - дейт Текебаев.

Саясатчы “хан сарай эмес, кадимки эле үй” салып айтканын айтат. Курулушту үч жылдан кийин бүтүрүү пландалууда. Текебаев ошондой эле кымбат баалуу машинасы жок экенин белгиледи. Япониядан чыккан “Тойото-Камри” үлгүсүндөгү кызматтык машинасын колдоноорун кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД