“Росагромаш” Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачат

Айыл-чарба техникаларын чыгаруучу “Росагромаш” орусиялык ассоциациясы Кыргызстанда өз өкүлчүлүгүн ачат. Бул тууралуу “Росагромаштын” директору Евгений Корчевой бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, орусиялык айыл-чарба техникаларын чыгаруучулар Кыргызстандын рыногун оң баалашууда. Учурда Кыргызстандын айы-чарба техникаларын колдонуу мүмкүнчүлүгү бир жылда 10 млн долларды түзөт.

“Азырынча жабдыктарды алып келүү боюнча орусиялык өндүрүшчүлөрдө келишимдер жок. Андыктан техниканы лизингге берүү боюнча бардык шарттар биринчи алып келүүдөн кийин гана белгилүү болот”, - дейт Корчевой.

Келечекте айыл-чарба техникасы боюнча өлкөнүн мүмкүнчүлүгү жылына 50-60 млн доллар болушу мүмкүн. “Бирок бул үчүн республиканын айыл-чарбасында олуттуу өзгөрүүлөр болушу керек”, - деп кошумчалады “Росагромаштын” жетекчиси.

Бүгүн Бишкекте “Орусиялык айыл-чарба техникасынын лизинги” деген аталыштагы кыргыз-орус семинары өтүүдө. Ага айыл-чарба техникасын чыгаруучу орусиялык жети өндүрүштүн өкүлдөрү, “Айыл-Банктын” Айыл-чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү жана 65 фермер катышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД