“Айыл Банк” бир жылда фермерлерге 638 айыл-чарба техникасын лизингге берген

2011-жылдын августунан 2012-жылдын октябрына чейин “Айыл Банк” ААКы фермерлерге 638 айыл-чарба техникасын лизингге берген. Бул тууралуу банктын башкаруу төрагасы Токтобек Акматов маалымат жыйында билдирди.

Анын маалыматына ылайык, лизингге берилген техниканын негизги бөлүгүн тракторлор (588 даана), комбайн – 8 жана трактор жабдыктары 42 даананы түзөт. Жалпы берилген техниканын суммасы 562,5 млн сом же 11,9 млн доллар.

Акматовдун айтымында, “Айыл Банктын” негизги маанилүү милдети өкмөттүн көрсөтмөсү менен келечекте айыл-чарба техникасын лизингге берүүнү өркүндөтүү болуп эсептелет.

Учурда банк кытайдын жана белорусиянын техникаларын берүүдө. Лизингди төлөө мөөнөтү 6 пайыздык үстөк менен 7 жылга берилет. Алгачкы салым 26 пайыздан 30 пайызга чейин. Ошол эле учурда күрөөгө техниканын өзү коюлат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД