Бишкекте биринчи класста окуган кызды машина сүзүп кетти

Бишкекте биринчи класстын окуучусун машина сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ 7-ноябрда Сухомлинов көчөсү аркылуу батышты көздөй кетип бараткан машина №124 үйдүн маңдайынан 2005-жылы туулган кызды сүзүп кеткен. Окуучу кыз жеңил жаракат алып, ооруканага кайрылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД