Турсунбай Бакир уулу: Сүлүктүнүн көмүрү негизсиз кымбаттап атат

Сүлүктү көмүр кениндеги көмүрдүн баасы негизсиз 13,4 пайызга көтөрүлүп кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш жыйынында “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу билдирди.

Анын айтымында Сүлүктүнү көмүрү Советтер Союзу учурунда эң жакшы деп эсептелген. Ал ошондой эле көмүр казган компания жеке менчик болбогонуна карабастан анын баасы 13,4 пайызга көтөрүлгөнүн айтты. “Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменти жаман иштеп атат. Ал атаандаштыкты эмес эле, монополияны өнүктүрүп атат. Баалар өтө эле жогору болуп кетти”, - дейт Бакир уулу.

Депутат “Сүлүктү көмүр” компаниясы Тажикстанга көмүрдү жергиликтүү тургундарга салыштырмалуу арзан сатып атат,- деп айтты.

Экономика министри Темир Сариев Сүлүктүдө көмүр казуучу 4 компания болгондуктан көмүрдү казууда монополия жок, деп белгиледи.

Сариевдин айтымында, атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменти көмүргө болгон бааны бекемдөөдө жана учурда анын баасын төмөндөтүп же көтөрө албайт.

“Аким да калк менен алдын ала иштерди жүргүзүүсү керек. Мекемелер да кышка эрте даярданышы керек”, - дейт Сариев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД