Теле алып баруучуну уурдоо боюнча иштен биринчи тергөөчү баш тартты

“Аалым сырлары” долбоорунун алып баруучусу Назира Айтбекованы “Супер-Инфо” гезитинин кызматкерлери тарабынан уурдалуусу боюнча иштен Айбек Аргымбаев баш тартып, аны Бишкек ШИИБине өткөрүп берди”,- деп алып баруучунун күйөөсү Искендер Шаршеев бүгүн “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, тергөөчү газетанын журналистеринен материалды жана аларды суракка алуу боюнча эч кандай иликтөө иштерин жүргүзгөн эмес. “Балким аны менен “Супер-Инфонун” өкүлдөрү сүйлөшүп коюшу мүмкүн”, - дейт ал.

5-ноябрда Шаардык №1 милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү Аргымбаев Айтбекованы уурдап кетүү боюнча “Бейбашчылык” жана “Уурдоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун “ВБ”га билдирген болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД