Бир тонна Сүлүктү көмүрү 10-14 миң сомдон сатылууда

Баткен облусундагы Сүлүктү кенинен чыккан көмүрдүн бир тоннасы 10-14 миң сомдон сатылууда. Бул тууралуу бүгүн экономика министрлигине караштуу атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин бөлүм башчысы Сейит Асанбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, көмүргө болгон баа негизсиз көтөрүлгөндүктөн монополияга каршы орган түштүк аймактык бөлүмдүн кызматкерлери менен иликтөө жүргүзүшкөн. Иликтөө көргөзгөндөй Сүлүктүнүн көмүрү жогорку сапаттуу келип жергиликтүү тандырчылар аны көп колдонот. Ал эми баанын көтөрүлүшү ортомчу компаниялардан улам болууда.

Көмүр казган компаниялар жана жергиликтүү органдар менен болгон сүйлөшүүдөн кийин келишим түзүлгөн. Ага ылайык көмүр казган компания сатыкка тоннасын 8,5 миң сомдон алып келип берет.

Асанбаев ошондой эле Баткен облусунда самаркандагы кенден чыккан көмүрдүн баасы 5 миң сомдон сатылып атканын кошумчалады.

Сүлүктүдөгү кенде 14 казуучу компания иштейт. 2012-жылы 186 миң тонна көмүр казуу пландалган, 2011-жылы 175 миң тонна көмүр казылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД