Улукбек Кочкоров: Өкмөт билдиргендей көмүр жерлерде 5 миң сомдон эмес

“Өкмөт билдиргендей көмүр жерлерде 5 миң сомдон эмес”, - деп өкмөттүк күнгө арналган Жогорку Кеңеш жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, жерлерде көмүрдүн бир тоннасы 13 миң сомго чейин жетүүдө.

“Калкка бир тонна көмүр 5 миң сомдон сатылууда деген маалыматыңыз чындыкка коошпойт”, - деп айтты Кочкоров. Ал ошондой эле депутаттарга туура эмес маалымат берилгендиги үчүн өкмөттүк саатты токтотууну талап кылды.

Кочкоров өлкөдө көмүр жетишпестигин айтты, бирок министрлер кабинетинин мүчөлөрү такыр башканы айтышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД