Бейөкмөт уюм: Бишкектеги балдар үйүнүн директору мыйзамды бузууда

Бишкектеги балдар үйүнүн директору Жылдыз Иманбаева мыйзамды бузууда. Бул тууралуу “Балдарды коргоо лигасынын” директору Назгүл Турдубаева маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Равшан Сабиров жана Гүлнара Дербишева боюнча болгон жаңжалга карабастан балдар тууралуу маалыматты бала асырап алуу менен алектенген чет элдик агенттиктерге берип келген. Чындыгында бул агенттиктер акредитациядан өткөн эмес.

“Ал италиялык үй-бүлөгө 4 жаштагы эгиз кыздар менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берген жана алардан апасы үч жолу баш тарткан деп жасалма документ даярдаган. Бирок кыздардын энеси баш тарткан эмес, болгону кыздарын убактылуу балдар үйүнө берген”, - дейт Турдубекова.

Турдубекованын айтымында, балдар үйүнүн директору жоопкерчиликке тартылбастан дагы деле иштеп жүрөт.

Ал ошондой эле балдарды биологиялык ата-энелери менен табыштыргандарды Балдар үйүнөн “кубалап” чыгаарын белгиледи. Анткени андайга баргандардын айынан акчалуу кардарлар жоголуп атат. Бул сумма 30 миң доллардан 60 миң долларга чейин. Ал эми Балдар үйүндө 80ден ашык бала бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД