Назгүл Турдубекова: Бала асырап алуу системасында коррупция сакталууда

Эларалык бала асырап алуу системасында коррупция дагы деле сакталууда. Мындай билдирүүнү “Балдардын укугун коргоо лигасынын” директору Назгүл Турдубекова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, социалдык коргоо министринин орун басары Эдил Байсалов балдарды асырап алуу боюнча эларалык агенттиктердин ишмердигин токтотуу тууралуу катты кайтарып алган. Бул Байсаловдун визасынын копиясы менен тастыкталган.

“Эдил Байсалов бардык жерде бала асырап алуу боюнча чет элдик агенттиктердин санын 15ке чейин көбөйтүүнү таңуулап атат. 8 агенттик бар учурда эле мыйзамсыз аракеттер болуп келген”, - дейт Турдубекова.

“Балдардын укугун коргоо лигасынын” жетекчиси бул чет элдик агенттиктердин ыйгарым укуктуу органдар менен биригип кеткендигинин көрсөткүчү экенин белгилейт. Алар документтерди жасоону улантып, балдар менен жашыруун жолугуп атышат. Ошол эле учурда Балдар үйүнө ээн-эркин кирип, аларга жаккан балдарды тандап алышат дейт ал.

“Мамлекеттик система балдарды мыйзамсыз аракеттерден коргоо боюнча эффективдүү механизмди түзө элек”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД