Жумакадыр Акенеев: Күйүүчү майдын баасы ноябрь жана декабрда кымбаттабайт

Ноябрь жана декабрь айларында күйүүчү майдын баасы кымбаттабайт. Учурда нефтетрейдерлер октябрь айындагы баа менен ноябрга толук түрдө майды дүңүнөн алып келүү боюнча келишим түздү. Бул тууралуу Кыргызстан нефтерейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, октябрда күйүүчү майдын 50 тыйынгы кымбатташы акыркы болду.

Нефтетрейдерлер ноябрда келүүчү күйүүчү майдын тоннасына 920 доллар төлөшөт. Ал эми август айында күйүүчү майдын тоннасы болгону 860 доллар болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД