Жогорку Кеңештеги комитет төрагалары бекиди

Жогорку Кеңештин 8-ноябрдагы жыйынында жашыруун добуш берүү менен комитет башчылары бекиди.

“ВБ” сунушталган өзгөрүүлөрдү эске салат.

- Каныбек Иманалиев (“Ар-Намыс”) – эларалык иштер боюнча комитети;

- Сайдулла Нышанов (“Ата Мекен”) – агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети;

- Карганбек Самаков (“Ата Мекен”) – экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети;

- Кожобек Рыспаев (“Ар-Намыс”) – отун-энергетикалык комплекси боюнча комитети;

- Жусупали Исаев (КСДП) – транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети;

- Кенжебек Бокоев (“Республика”) – укук тартиби, мыйзамдуулук жана кылмыш менен күрөшүү боюнча комитети;

- Айнуру Алтыбаева (“Ар-Намыс”) – этика жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети;

- Анарбек Калматов (“Ар-Намыс”) – коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитети.

Төмөндөгү комитет башчылары өз ордуларын сактап калышты. Токон Мамытов (коргоо жана коопсуздук боюнча комитети), Дамира Ниязалиева (социалдык саясат боюнча комитети), Ахматбек Келдибеков (бюджет жана финансы боюнча комитети), Токтогул Туманов (сот-укуктук маселелер боюнча комитети), Эркинбек Алымбаев (конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитети) жана Каныбек Осмоналиев (билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД